Аудитордук текшерүү учурунда Билим берүү жана илим министрлиги 2016-жылы 117,3 млн. сомду каржылык мыйзам бузуу менен иштеткени аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы кабарлады.
Мунун ичинен эң көп 54 млн. сом дебитордук жана насыя каражаттарын жабууга, 36 млн. сом негизсиз айлык акы берүүгө жумшалган. Калгандары боюнча курулуш-оңдоо иштеринде, салык төлөөдө, бюджеттик жана атайын эсептерди колдонууда жана башка аракеттерде ката кеткен.
Бул суммалардын 81 млн. 400 миң сому кайра мамлекетке кайтарылышы керек. Учурда анын 17 млн. 300 миңи ордуна коюлду.
Мындан сырткары министрликке бөлүнгөн бюджеттин 426,4 млн. сому туура эмес иштетилген, 78,6 млн. сому максатсыз иштетилген. аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Билим берүү жана илим министрлигине айрым иштер боюнча эскертүү берилип, кээ бир иштер прокуратурага жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди. (ErN)