Кошумча нарк салыгы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мамлекеттик казынага 95 млн. 478 миң 692 сом кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.
Буга чейин атайын кызмат Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык схеманын бетин ачканын кабарлаган. Анда Бажы, салык кызматтарынын жана Экономика министрлигинин кызматкерлери 2016-2018-жылдары жасалма документтер менен өлкө бюджетине 800 млн. сомдон ашуун зыян келтиргени айтылган.
УКМК тергөө учурунда кылмыштуу иш-аракеттердин натыйжасында мамлекеттик казына 1 млрд. 150 млн. 545 миң 549 сом көлөмүндө чыгым тартканын аныктады.
Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Ал иштин алкагында буга чейин “Таргет компани”, “Тянь-Шань–Кайыңды” (мурдагы “Фрезия”) жана алар менен байланышкан “Скай Логистик”, “Шелковый путь Транс” фирмалары текшерүүгө алынып, жетекчилери УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалган. Анын алдында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов менен кошо беш салык кызматкери жана "Полларис", "Интеррустрейд" деп аталган ишканалардын жетекчилери камакка алынган. Тергөө уланууда. (ErN)