Мамлекетке жардам бергиси келгендер үчүн атайын эсеп ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
- Азыр эки эсеп ачылганы жатат. Биринчиси - экономикалык кылмыштарга баргандардын өзүнчө эсеби ачылат. Анан силердин кээ бир кызматташыңардан сунуш түшүп жатат, өз каалоосу менен "мамлекетке жардам беребиз дегендер да бар, ошолорго эсеп ачып берсеңер" деп. Аны биз ачып жатабыз. Экинчиси - жанагы коррупциялык механизмдер менен өндүргөн мүлккө же каражатка. Ал азыр макулдашууда жүрөт. Финансы министрлигинин алдында эсеп ачабыз.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев депутаттарга кайрылып, бай депутаттар өз ара акча чогултуп, Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) кеткен Кытай насыясынан кутула берүүнү сунуш кылган. (KR)