АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияда футбол чемпионаты өтүп жаткан жерлерди террорчулар бутага алышы ыктымал деп эскертүүдө. Мекеменин 15-июнда жарыяланган билдирүүсүндө Орусияга барууну пландаган америкалык жарандарга бул планын кайра карап чыгуу кеңеши берилип, орусиялык укук коргоо органдарынын жана башка кызматкерлеринин опузалоосуна туш болуу ыктымалдыгы эскертилди. Бирок террордук коркунуч кайсы жерде болушу мүмкүн экени так айтылган жок.
“Коопсуздук чаралары көрүлүп жатканы менен террорчулар стадиондорду, көрүүчүлөр чогулган жерлерди, туристтик сайттарды, транспорттук түйүндөрдү жана башка адам көп топтолуучу коомдук жайларды бутага алышы ыктымал” деп айтылат Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.
Орусия Москвада жана 11 шаарында коопсуздук тиешелүү деңгээлде камсыз кылынганын, он миңдеген укук коргоо кызматкери иштеп жатканын билдирүүдө.
“Бир нече жылдан берки даярдык иштеринен кийин биз коопсуздуктун так планын иштеп чыга алдык” деп билдирди ФСБнын өкүлү Алексей Лаврищев. (RK)