Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Депутат Жамангулов комитет төрагалыгына өтпөй калды


Акылбек Жамангулов.
Акылбек Жамангулов.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакпаев билдирип, өкмөт башчыдан кадрлар кандай тандалып жатканын сурады:

- Кадрларды кандай критерий менен тандап атасыздар? “Республика - Ата Журт” фракциясы миграцияга эки кадр, Өнөр жайы жана кен иштетүү комитетине Акылбек Жамангуловду бердик. Булар өтпөй калды.

Ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мындай деди:

- Биринчиден тажрыйбасы, баскан жолу, коррупциялык элементтери барбы-жокпу, изилдеп, анан айтып атабыз. Бирок, Акылбек Жамангуловду "коррупциялык иштерге аралашты" деген жокпуз.

13-июнда Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясы депутат Акылбек Жамангуловдун талапкерлигин Энергетика, өнөр жайы жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгына сунуш кылган.

Акылбек Жамангулов Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себептерин жана аны оңдоп-түзөөгө кеткен каражаттын пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG