Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

“Ата Мекен”: Башкы прокуратура саясатка аралашууда


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясы Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароодон Башкы прокуратуранын баш тартканы боюнча билдирүү таратты. Кайрылууда жактоочулар ишти кайра кароого беш жаңы жагдайды көрсөткөнү, алар "өлкөдө саясат чындап өзгөрдү" деп үмүт кылышканы айтылат.

“Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кароодон баш тартуу "сотторго болгон элдин ишенимин кайтарыш керек" деген президенттин Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүнө кайчы келет", – деп жазылат кайрылууда.

“Ата Мекен” партиясы Башкы прокуратура саясатка аралашып, башаламандыкты жактаган жолду улантууда деп эсептейт. Партия Жогорку Кеңештен Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароодон баш тарткан башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаманбаеванын кесипкөйлүгүн кароону талап кылат.

Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тарткан.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG