Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:00

Лейлекте селден жабыркагандар чатырларга көчүштү


Тазалоо иштери. 10-июнь, 2018-жыл.
Тазалоо иштери. 10-июнь, 2018-жыл.

Баткендин Лейлек районунда селден жабыркагандарга 12 чатыр тигилип, тургундар көчүрүлдү. Облустук администрация кабарлагандай, табият кырсыгынын кесепетин жоюу иштери 11-июнда да улантылат.

9-июнда катуу жааган жамгырдан улам Лейлек районунда сел жүрүп, Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарында бир бала бакчанын, 80 үйдүн короо-жайын суу каптаган. Селдин кесепеттерин жоюш үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү элден 200дөй киши тартылган. Бир катар ички жолдорду шагыл басып, жабылып калган.

XS
SM
MD
LG