Орус лидери Владимир Путин Украинанын президенти Петро Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда тараптар адам укуктары боюнча эки тараптын өкүлдөрүн абактагылар менен жолуктурууга макулдашты.
Кремлдин сайтында сүйлөшүү украин тараптын демилгеси менен уюштурулганы жазылган. Ал эми Украина президентинин маалымат кызматынын билдиришинче, Порошенко Орусиядагы түрмөлөрдө жаткан украиналык саясий туткундарды бошотууну тездетүүсүн талап кылган. Ал ачкачылык жарыялаган украин жарандарына көңүл буруп, алардын ден соолугуна тынчыздануусун билдирген.
Өз кезегинде Путин Украинада соттолгон журналисттерди тез арада бошотуу зарыл экенин билдирди. Кремлдин маалымат кызматы президенттер 11-июнда деп пландалган тышкы иштер министрлеринин “норманд төртилиги” форматындагы (Германия, Орусия, Украина жана Франция) жолугушууну талкуулашканын белгиледи. (TSh)