Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Кылмыштардын бирдиктүү реестри жыл аягына чейин иштей баштайт


Өлкөдөгү кылмыштардын жана тартип бузуунун бирдиктүү реестри жыл аягына чейин сыноо режиминде иштей баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кылмыштардын электрондук китебин жана кылмыштардын бирдиктүү реестрин киргизүү маселесин Башкы прокуратура координациялайт.

Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, 2018-жылдын октябрына чейин кылмыштардын электрондук китеби, декабрга чейин кылмыш жана тартип бузуулардын бирдиктүү реестри сыноо режиминде иштери пландалып жатат.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бул система тергөөчүлөр менен укук коргоо органдарына гана эмес, катардагы жарандарга да арыздын каралышы, тергөөнүн жүрүшү, сотто кабыл алынган чечим тууралуу маалыматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берерин айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG