Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

“Норманд төрттүгү” украин кризисин талкуулайт


Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас. 31-май, 2018-жыл.
Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас. 31-май, 2018-жыл.

"Норманд төрттүгүнө" кирген Орусиянын, Германиянын, Франциянын жана Украинанын тышкы иштер министрлери 11-июнда Берлинде жолугушат. Бул тууралуу Украинада жүргөндө Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас билдирди. Мындай форматтагы сүйлөшүү быйыл биринчи жолу өтмөкчү.

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкиндин айтымында, жолугушууда Донбасстагы чатак тилкесинде тынчтык сактоо күчтөрүн жайгаштыруу маселеси жана Орусия менен Украинанын ортосундагы туткундарды алмашуу процесси талкууланат.

Орусия ТИМинин өкүлү Григорий Карасин жолугушуунун датасы так аныктала электигин айтып, ал июнь айында болбой калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Хайко Маас жума күнү Донбасстын өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөп турган аймактарына барды.

Жалпысынан 2014-жылдын апрель айында тутанган тирешүүдө баш-аягы 10 миңдей киши кырылды.

XS
SM
MD
LG