Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили Тбилисидеги каршылык акциясына чыккан миңдеген кишилердин талабына карабай кызматтан кетпей тургандыгын билдирди. Бул тууралуу кабар өкмөттүн расмий сайтында жазылды.
Бейшембинин кечинде баш калаа Тбилисидеги парламент имаратынын алдына миңдеген адамдар чогулду. Алар өткөн жылдын соңунда өлтүрүлгөн эки өспүрүмдүн иши аягына чыкпай калышына күнөөлүү деп эсептелген аткаминерлерди жазалоону талап кылышкан.
Киши колдуу болгондордун биринин атасы Зара Сарализде башкы прокурор жана прокуратуранын башка кызматкерлери кылмышкерлерди жаап-жашырып, далилдерди жоготуп коюшканына ишенет. Жыйынтыгында иш далилдердин жетишсиздигинен токтоп калган.
Адегенде акциянын катышуучулары башкы прокурор Ираклий Шотадзенин кызматтан кетишин талап кылышкан. Ал иштен кетүүгө арыз бергенде, митингге чыккандар өкмөттүн толук таркатылышын талап кылышты.
Каршылык акциясына келген премьер-министр Квирикашвилини демонстранттар сүйлөтпөй коюшту. Ал брифингде жасаган билдирүүсүндө өспүрүмдөрдүн өлүмү боюнча ишти мындан ары өлкөнүн ички иштер министри Георгий Гахария өз көзөмөлүнө аларын билдирди.
1-июнга караган түнү 200дөй киши парламенттин алдында тигип алышкан чатырчаларда түнөштү. Акциянын уюштуруучулары каршылык акциясы жума күнү да уланарын ишара кылышты.