Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:41

Акыйкатчы кыз ала качуунун жазасын күчөтүүнү сунуш кылды


Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев 31-майда "Азаттыкка" мажбурлап нике кыюунун жазасын күчөтүү зарыл экенин билдирди. Ал жакында эле ала качууга дуушар болуп, милиция бөлүмүндө бычакталып өлгөн 20 жаштагы Бурулайдын өлүмүн мисал келтирди.

- Биз - депутаттар, бир катар министрликтер менен кошо - кыз ала качууга, анын ичинде жашы жете электерди мажбурлап никеге тургузууга болгон аракетти мыйзам менен ооздуктадык. Мурдагы мезгилге караганда азыр мындай себептер менен жасалган кылмыштар азайды. Бирок азыркы чаралар жетишсиз экенин Бурулай Турдалиеванын өлүм менен аяктаган аянычтуу тагдыры көрсөттү, -деди ал.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев учурда Кылмыш-жаза кодексиндеги кыз ала качуунун жазасы жетишсиз деп эсептеп, бул кылмыш беренесин "Үй-бүлөлүк мамилелердин түзүлүшүнө каршы кылмыш" категориясынан "Адам эркиндигине каршы кылмыш" категориясына алмаштырууну сунуш кылып жатат. Ал кыз ала качуунун жазасын беш жылдык эркинен ажыратуудан 10 жылга которуу туура болот деп эсептейт.

Кубат Оторбаев Чүй облустук прокуратурасына кайрылып, бул окуяга жол берген милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин да кароону өтүнгөн. Акыйкатчы милиция кызматкерлери "Шалаакылык" беренеси эмес, "киши өлтүрүүгө катышы бар" деген айып менен жазаланууга тийиш деп эсептейт.

29-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 20 жаштагы кызды ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура милиция кызматкерлерине "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. (ZKo)

"Кызымдын өлүмү үчүн ким жооп берет?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:20 0:00

XS
SM
MD
LG