Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимдеринин аткарылышы боюнча кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев коомчулукка маалымат берет.
Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында күч, көзөмөл органдарындагы коррупция талкууланган. Анда президент Сооронбай Жээнбеков сот, укук коргоо жана көзөмөл системасынын кызматкерлерин "калыстыкты камсыз кылбай, өздөрүндөгү коррупцияга туруштук бере албай жатышат" деп сындаган.
Кеңештин чечимдеринин алкагында бир катар күч кызматтарынын жетекчилери, соттор алмашып, коррупцияга байланыштуу шек туудурган мамлекеттик кызматкерлер камакка алынган, айрымдарына кылмыш иши козголгон. (ZKo)