Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Ашхабад аэропортунда аялдарды эл аралык каттамдардан алып салышууда


Ашхабадда уча албай турган жүргүнчүлөр. Май, 2018-жыл.
Ашхабадда уча албай турган жүргүнчүлөр. Май, 2018-жыл.

Түркмөнстандын аялдары өлкөдөн чыгуу учурунда кыйынчылыктарга туш болуп жатат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы бир нече күн мурда бир аял миграциялык кызматтан маалымкат болбогондуктан, Түркияга учуп кете албай калганын жазды.

«Эмгек өргүүсүнө чыкканбыз. Күйөөмдөн миграциялык маалымкат сурашкан жок, мени болсо ансыз учакка киргизбей коюшту. Акчабыз текке кетти, санааркадык», - деди түркмөнстандык аял.

Дагы бир түркмөнстандык аял беш баласын багыш үчүн Түркияга кеткенин, Ашхабад аэропортунда өзү менен бирге барган тааныштары уча албай калганын ырастады.

"Мен Түркияда иштеш үчүн аэропортко келдим, мени менен чогуу айылдаштарым да келген, бирге учмак болгонбуз. Бирок каттоо учурунда миграциялык кызматкерлер бир айылдан экенибизди түшүнүп, паспортторубузду алып коюшту. Алар бизди бир бөлмөгө алып кирип, бараткан максатыбызды сурашты. Сурактан кийин мени коё беришти да, калган аялдарды кармап калышты», - деди атын атагысы келбеген түркмөнабаддык аял.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы жыл башынан бери ушул сыяктуу окуялар бир нече жолу кайталанганын жазган. Миграциялык кызматкерлер айрым учурда эч себепсиз эле жарандарды каттамдан чыгарып коюшат.

XS
SM
MD
LG