Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Түндүк Курилде иш таштаган кыргызстандыктардын көбү башка шаарга кетет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Түндүк Курил шаарында маянага байланыштуу иш таштаган кыргызстандыктардын арасынан 24 киши мындан ары Петропавловск-Камчатский шаарында жумуш кылмак болушту.

Аларды жергиликтүү бийлик 29-май күнү Түндүк-Курил-Петропавловск-Камчатский багытындагы тик учмада жеткирет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Түндүк Курилде курулушта иштеген кыргызстандыктар маяна берилбей жатканына нааразы болуп, 19-майда иш ташташкан. Алар 45 киши экени айтылган.

Кыргызстандын Түштүк Сахалинск шаарындагы ардактуу консулунун жана өкмөткө караштуу Миграция кызматынын кийлигишүүсүнөн соң мигранттарга үч айдан бери маяна бербеген "СПИРО" ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголгон. Жумушуларга айлыкты төлөө милдети коюлган. Жумушчулардын теңине жакыны ишти улантууга макул болушту.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 45 жумушчуга 633 миң рубль айлык акы төлөнбөгөнү аныкталган. Куруучулар быйыл марттан бери эмгек акысын алган эмес.

Жагдайды Тышкы иштер министрлиги көзөмөлдөп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча Орусиянын булуң-бурчунда иштеген кыргызстандыктар 650 миңден ашат. Расмий эмес эсепте алар миллиондон көп экени айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG