Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Чеченстан: Укук коргоочу Оюб Титиевдин жээни кармалды


Оюб Титиев.
Оюб Титиев.

"Мемориал" укук коргоо уюмунун Грозныйдагы бөлүмүнүн жетекчиси Оюб Титиевдин жээни баңгизат сактоого шектүү делип кармалганын Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров "Telegram" каналындагы баракчасы аркылуу кабарлады. Анын маалыматына караганда, Адам Титиев эки күн мурда кармалган.

Кадыров муну менен "Мемориалдын" башкаруу кеңешинин төрагасы Александр Черкасовдун Франция президенти Эммануэл Макрон менен Санкт-Петербургдагы жолугушуусунда айтылгандарга комментарий берди. Петербургда 25-майда башталган эл аралык экономикалык форумга келген Макрон Черкасов менен кезигип, анда Оюб Титиев тууралуу кеп козголгон.

"Чеченстанда баарын Черкасов Макрон менен сүйлөшүүдө ушул теманы көтөрдүбү, жээнин бошотуу үчүн жардам сурадыбы деген суроолор кызыктырат" - деп жазды Кадыров. Анын айтымында, Адам Титиев ушуну менен үчүнчү жолу "баңгизат салынган баштык менен кармалды. 2001-2011-жылдарда ал баңгизат сактаганы үчүн соттолгон".

Орусиянын белгилүү укук коргоо уюму болгон “Мемориалдын” Чеченстандагы бөлүмүнүн башчысы, 60 жаштагы Оюб Титиев 9-январда камакка алынган. Полиция "анын автоунаасынан 180 грамм марихуана табылды" деп ырастаган. Титиев марихуананы ага атайлап салып коюшканын айтып жатат. Кесиптештери бул ишти анын укук коргоочулук ишмердиги менен байланыштырып келишет.

Чеченстандын бийлиги болсо укук коргоочунун камакка алынышында саясий жүйө бар экенин четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG