Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:11

Дастан Сарыгулов башкы прокурордон ишин калыс кароону өтүндү


Дастан Сарыгулов.
Дастан Сарыгулов.

"Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген кине менен айыпталып, шарттуу кесилген саясатчы Дастан Сарыгулов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды. 33 барактан турган катта саясатчы жазага тартылышына алып келген ишти мыйзам чегинде карап чыгып, чара көрүүнү өтүнөт. Бул тууралуу Сарыгулов “Азаттыкка” кабарлады.

- Менин ишим боюнча тергөө жүрүп, сот болуп жатканда башкы прокурор Индира Жолдубаевага алты жолу кайрылуу жибергем. Бирок анын бирөө да каралган жок, жооп берген жок. Ал түшүнүктүү, себеби ал учурда саясий тапшырма болгон. Эми жаңы прокурор келди, "жаңыча, мыйзам чегинде иш жүргүзөм" деп жатат. Бирок эми ал мыйзам менен иштейби же Ак үйдүн буйрутмасы мененби - ошону сыноо иретинде кат жаздым. Кайрылуумда менин ишимди караган тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун жана соттордун мыйзам бузган учурларынын баарын келтиргем. Соттук отурумдарда бир да жерде менин күнөөм далилденген эмес. Анда мен эмне үчүн ушунча убакыт түрмөдө, үй камагында кармалдым? Баарын башкы прокурор жакшылап карап чыгып, мыйзамдуу чара көрүшү керек, - деди Сарыгулов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков жана мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп 2016-жылы кармалган. Алар кармаларда Интернетке бул адамдарга үнү окшош бирөөлөрдүн сүйлөшүүсү жазылган аудио тасма жарыяланган эле.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп таап, Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. Мындай чечимге нааразы болуп алар Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Шаардык сот райондук соттун чечимин быйыл 7-февралда күчүндө калтырган. Андан кийин Башкы прокуратура жазаларды күчөтүүнү өтүнүп, Жогорку сотко апелляциялык арыз жазган. Сот ишти 4-июнда карайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG