Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Роухани аялдардын спорттук оюндарга барышына уруксат берүүгө чакырды


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани аялдардын стадиондо өткөн спорттук иш-чараларга барышына тыюу салган чечимди жокко чыгарууга чакырды.

“Исламда аял менен эркектин айырмасы болбошу керек. Ошондуктан аялдардын да спорттук иш-чараларага барышына уруксат берилиши зарыл”, деди Роухани 22-майда ирандык спортсмендер менен жолуккан учурда.

Иранда аялдардын спорттук оюндарга келишине 39 жыл мурда, 1979-жылдагы революциядан кийин шийит диниятчылары тыюу салган.

Роухани өз сөзүндө ирандык аялдар спорт менен мыкты машыгарын жана сый-урматка да жетишкенин белгиледи.

Үч ай мурда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Ирандын президенти аялдар футбол көрүүгө уруксат алышаарына убада бергенин билдирген.

Ирандын аялдар жана үй-бүлө боюнча вице-премьер-министри бул үчүн атайын аялдарга арналган орундуктар курулушу керек экенин билдирген. Бирок Ирандын диний лидерлери мындай демилгени буга чейин четке кагышкан.

Иранда кыз-келиндердин стадиондордогу спорттук иш-чараларды көрүшүнө тыюу салынышын сындаган пикирлер акыркы кезде күчөдү. Буга чейин Дүйнөлүк футбол чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Тегеранда өткөн Иран менен Сириянын футбол беттешине ирандык аялдар кире алган эмес. Ал эми сириялык кыз-келиндерге уруксат берилген.

Айрым депутаттар сириялык жана ирандык аялдарга карата эки башка мамилени "дискриминация" деп сындашкан.

XS
SM
MD
LG