Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

"Журналисттерди коргоо комитети" Аскаров боюнча президентке кайрылды


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Эл аралык "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) экс-президент Алмазбек Атамбаев "Zanoza.kg" сайтына, журналисттер Нарын Айып менен Дина Масловага жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы материалдык доосунан баш тартканын кубаттап, өлкөнүн жаңы бийлигинен 2010-жылдагы окуяга байланыштуу айыпталып, өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровду бошотууга чакырат.

Бул тууралуу "Журналисттерди коргоо комитети" 18-майда расмий сайтына жазды.

"Мурунку президент Алмазбек Атамбаев журналисттерден жана укук коргоочудан материалдык доосунан баш тартып туура кылды. Аларды жоопкерчиликке тартуу туура эмес болгон", - деди CPJ программасынын Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Нина Огнянова.

Уюм Кыргызстандын жаңы жетекчилеринен бул кырдаалды пайдаланып сөз эркиндигин оңдош үчүн укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан бошотууга чакырат.

Азимжан Аскаров "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан. Бир катар эл аралык уюмдар ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG