Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

NYT: Трамп Ким Чен Ын менен саммит болбой калабы деп кабатыр


Ким Чен Ын жана Дональд Трамп.
Ким Чен Ын жана Дональд Трамп.

Президент Дональд Трамп анын Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын менен Сингапурда боло турган жолугушуусу “саясий ыргылжың” абалда бүтөбү деп тынчсызданууда. "New York Times" басылмасынын жазганына караганда, азыр Трамп "Бул жолугушууну өткөрүү туура болобу же жокпу?" деп өз кеңешчилери менен көбүрөөк акылдашып жатат.

Трамп Түндүк Кореянын өкүлүнүн шаршемби күнү "Пхеньян экономикалык жардамга карабастан өзүнүн өзөктүк дараметинен баш тартпайт" деген билдирүүсүн таң калуу жана ачуулануу менен кабыл алган.

Басылманын маалыматы боюнча, Трамп бейшемби жана жума күндөрү саммитти даярдап жаткан жардамчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ишемби күнү болсо Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге телефон чалып, "Пхеньяндын билдирүүлөрү эмне үчүн эки Кореянын президенттеринин апрелде болгон жеке жолугушуусундагы сөздөргө карама-каршы келип жатат?" деп сураган.

"New York Times" басылмасынын маалыматына караганда, Трамптын жардамчылары "президент Ким Чен Ын менен жолугушуу ниетин ашыкча эле шардана кылып жатат" деп эсептешет.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммити 12-июнда Сингапурда өтөрү жарыяланган.

XS
SM
MD
LG