Орусия аннексиялап алган Крымдын Бакчасарай районунда жашаган крым татарларынын активисти Сервера Мустафаева менен Эдема Исмаилованын үйлөрүндө тинтүү жүрүп жатат. Буга чейин Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Крым бөлүмү Орусияда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» уюмунун ишине аралашканы үчүн эки киши кармалганын билдирген. Бирок кармалгандардын аты-жөнү айтылган эмес.
Тинтүү жүрүп жаткан "Крым тилектештиги" уюмунун жетекчиси Мустафаевдин үйүнө аны колдогон адамдар чогулганын «Азаттыктын» Крым кызматы кабарлады.
Маалыматтарга караганда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Мустафаевге да, Смаиловага да адвокаттарды жолуктурбай жатышат.
Мустафаевдин адвокаты Эмил Курбединовдун кабарына караганда, ФСБнын кызматкерлери аны тинтүү жүрүп жаткан үйгө киргизбей жатат жана кайсы берененин негизинде тинтүү жүргүзүлүп жатканын айтышкан эмес.
Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин эркин журналисттердин, жарандык активисттердин, анын ичинде Крым татарларынын жана жарым аралда жашаган мусулмандардын үйлөрү "Орусияда тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" уюму менен байланышта болгон" деп тинтилген учурлар бир канча жолу болгон.