Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Баткенде киши сатууга каршы кеңешме өтүп жатат


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Баткенде киши сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме иш отурумун өткөрүүдө. Ага кеңешменин курамына кирген мамлекеттик ишканалар жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын мүчөлөрү катышууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.

Отурумга чогулган адистер соңку эки жылда өлкөдө киши сатуу боюнча эки учур катталганы менен, мындай көрүнүш коңшулаш өлкөлөрдө күч алып келатканы коркунуч жаратып жатканын айтышты. Алар киши сатуунун алдын алыш үчүн кошуна мамлекеттер менен да иш алып баруу керек экенин баса белгилешти. Статистика кулчулукка кабылууга ички жана сырткы миграция түрткү болгонун аныктаган. Андыктан жыйында айтылгандай, терс көрүнүштүн алдын алуу аракеттерин күчөтүү зарылчылыгы турат. Баткен облусунда быйылкы жыл башынан бери кимдир-бирөө киши сатууга же кулчулукка кабылган фактылар каттала элек.

Киши сатууга каршы иш алып баруу боюнча координациялык кеңешме өлкө боюнча Баткен облусунда алгачкылардан болуп уюшулуп, бул маселеге байланыштуу утур-утур отурумдарды, иш-чараларды өткөрүп турат. Кеңешмеге аймактагы күч түзүмдөрүнүн, жергиликтүү бийликтин, эл аралык уюмдардын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү кирет. (JsA)

XS
SM
MD
LG