Талас облусунун жаштары шаардыктарга акысыз курма жана Орозо айынын календарын таркатты.
Акциянын уюштуруучуларынын бири Заирбек Камалдиновдун айтымында, мындай саамалык облуста жаштардын демилгеси менен биринчи жолу өтүп жатат. Максаты - коомду кайрымдуулукка үндөө.
Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин чечими менен 17-май орозонун алгачкы күнү катары белгиленди. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын адиси Орозали Адыраковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 16-майдан 17-майга караган түнү саат 3:34тө ооз бекилет. Анын айтымында, айдын жаңырышына жараша ыйык Орозо айынын алгачкы күнү бир күн эрте да башталышы мүмкүн. (AlS\ErN)