Фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Иран, Ооганстан сыяктуу 14 өлкөнүн улуттук оюндарынын спортчулары катышып жатат. Жалпысынан 883 спортчу улуттук спорт оюндарынын 13 түрү боюнча ат салышат.
Кыргызстандан келген спортчулар көкбөрү, жаа тартуу, ордо, тогуз коргоол сыяктуу көчмөндөрдүн улуттук оюндары боюнча күч сынашат. Этноспорт маданият фестивалында 43 боз үй тигилип, түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген өкүлдөрдүн концерттик программасы болот.
Быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жаткан иш-чара Дүйнө этноспорт конфедерациясынын колдоосу менен өтүп жатат. Бүгүн башталган фестиваль 13-майда аяктайт. (ElB)