Кыргызстандын аймагына дүйнөдөгү белгилүү "Samsung", "Iphone" жана "Xiaomi" үлгүсүндөгү 1200гө жакын даана телефон мыйзамсыз ташылып келатканы аныкталды. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда, текшерүү учурунда алардын тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Товардын жалпы баасы 24 млн. сомго жакын бааланып, мамлекетке 3 млн. сомдук салык түшпөй калган.
27-апрелде УКМК бажы кызматкерлери 30 миллион сомдук товарды аткезчилик жол менен Кыргызстанга киргизип жибергени аныкталганын кабарлаган болчу. Ал декларацияда көрсөтүлбөгөн, ар түрдүү моделдеги 11 миңден ашуун чөнтөк телефондор экени белгилүү болгон. Бажы кызматы бул товарлар “термос” деген аталыш менен киргизилгенин, телефонду алып келүүгө өзүнчө уруксат алуу зарыл болгонун билдирген эле.
Бул окуяга тиешеси бар экени кабарланган үч кызматкер иштен алынып, Түштүк-батыш бөлүмүнүн жетекчисине катуу эскертүү берилгенин Бажы кызматы 8-майда билдирди. Иш боюнча топтолгон материалдар УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматына өткөрүлдү. (КЕ)