Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Жеңиштин сыры биримдикте болгон

Тарыхта 1939-жылы башталган Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанганы, алардын ичинен миңге чукул аял болгону маалым. 160 миңден ашуун жоокер курман болгон.

Оорукта калган кыргызстандыктар фронтко өз ыктыярлары менен жөнөткөн каражаттардын эсеби ушул күнгө чейин толук такталып бүтө элек. Буга чейинки такталган маалыматтарда кыргыз жергесинен 200 миллион рублден көп акча каражат, жүздөгөн вагон азык-түлүк, жылуу кийимдер жөнөтүлгөнү айтылып келет. "Азаттык" Кыргызстандын борбордук мамлекеттик архивинин кинофотофонодокументтер бөлүмүндө сакталган 1941-1945-жылдардагы фронттогу турмушту баяндаган сүрөттөрдү сунуштайт.

16x9 Image

Канымгүл Элкеева

"Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.

XS
SM
MD
LG