Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Шаардык сот Самаковдун ишин карап жатат


Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Бишкек шаардык сотунда парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши каралып жатат. Тарапкерлер Самаков ооруп жатканына карабастан бүгүн сот залына алынып келгенин "ага карата шашылыш түрдө айыптоочу өкүм чыгышы ыктымал" деп баалап жатышат.

Алардын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков "Фейсбук" аркылуу видеокайрылуу таратып: “Өкүм чыгат окшойт, болгондо да жаман жагына ооп бараткандай. Буюртманы дагы эле аткарып жатышат” деди.

"Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган" деп айыпталган Самаковду былтыр 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция” беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган болчу. Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдерге айыппул салынган.

Самаков 2015-жылдан бери үй камагында жатканын эске алып жана мунапыстарга ылайык абак мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылып, натыйжада ал сот залынан камакка алынган.

Айыптоочу тарап далилдер жетиштүү экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG