Туруктуу элдик кеңештин (ТЭК) мүчөсү, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров алардын кыймылы Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизиш үчүн үч сунуш чыгарганын "Азаттыкка" билдирди. Анын биринчиси - Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү, экинчиси - Жогорку Кеңешти аралаш системада шайлоо (50% партиялык, 50% бир мандаттуу шайлоо) жана үчүнчүсү - сот системасын парламенттеги партиялардын таасиринен чыгаруу.
Бекназаровдун айтымында, бул өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн алар референдум өткөрүүнү талап кылышат:
- Ушул үч сунушту, Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биз өзүбүз жазып чыгабыз. Аны парламенттен да талап кылабыз. Эгер алар "2020-жылга чейин болбойт" деп кабыл албай койсо, анда биз күзгө чейин 300 миң кол топтойбуз. Экс-президент Алмазбек Атамбаевге мурдагы жылы референдум өткөрүп беришкен, Атамбаевге болот дагы, эмне үчүн 300 миң адамга болбойт? Ошондуктан биз 15-майда чоң жыйын уюштурабыз да, андан кийин мыйзам долбоорубузду даярдап, аны парламентке жөнөтөбүз. Эгер Жогорку Кеңеш ошондо да биздин талаптарды аткарбаса, анда биз парламенттин өзүн таратуу маселесин көтөрөбүз. Биздин максат - Баш мыйзамда кетирилген каталарды оңдоо менен мамлекеттеги маселелерди чечүү, - деди Бекназаров.
Ал ошондой эле башка саясий күчтөрдү да ушул демилгени колдоого чакырууда.
Былтыр жыл башында Бишкекте өздөрүн "улуттук мекенчил күчтөр" деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзгөн. Анын курамына мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган бир топ саясатчылар кирген.
2016-жылы 11-декабрда өткөн референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, өкмөт башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилген болчу. Конституциядагы өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын кеңейткен айрым беренелер 2017-жылдын 1-декабрынан тартып гана күчүнө киргизилген. (EBm\ErN)