Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Бишкекте диний абал жана муфтияттын иши талкууланат


Меккедеги ажылык.
Меккедеги ажылык.

"Кыргызстандагы диний абал: көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр" деп аталган иш-чараны Ислам илим изилдөө институту уюштуруп жатат.

Жыйынга мамлекеттик мекемелер, диний уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер чакырылган. Аталган институттун өкүлү, дин таануучу Асан Саиповдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жыйындын күн тартибине муфтияттын дарегине карата айтылган сын-пикирлер, ажылыкты уюштуруу иштери, Аалымдар кеңешинин иши киргизилген.

Мындан тышкары быйыл 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин чечиминин аткарылышы да каралат.

Буга чейин "Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети" өкмөттүк эмес уюмунун өкүлдөрү муфтияттын ишин сындап чыгышкан.

"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" программасынын 25-апрелдеги чыгарылышында да укук коргоочу, эксперттер, мурда муфтиятта иштеп кеткен айрым кызматкерлер ажылыкты уюштурууда кемчиликтер бар экенин, битир-садага туура бөлүштүрүлбөй жатканын билдиришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG