Ооган баш калаасынын чок ортосунда өлкөнүн коопсуздук агенттигинин жанында кош жардыруу болуп, кеминде 25 киши, анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун эки журналисти жана дагы беш медиа каражатынын кабарчылары курман болду. Полиция 45 киши жараат алып, ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Саламаттык сактоо министрлиги мотоцикл минген жанкечти Шарш Дарак районунда Улуттук коопсуздук кызматынын имаратынын жанында өзүн жардырганын билдирди.
Экинчи жардыруу 20 мүнөттөн кийин Шаарды өнүктүрүү жана турак жай министрлигинин баш кеңсесине кызматкерлер ишке келип жаткан маалда болгон. Жанкечти "кабарчымын" деп кирип барып өзүн жардырган.
Министрлик кеминде 21 кишинин өмүрү кыйылып, 27 адам ооруканага түшкөнүн билдирди. Кош жардыруунун курмандыктарынын саны өсүшү мүмкүн экени да айтылып жатат.
Экинчи жардырууда курман болгон жети журналисттин арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган кызматынын журналисттери Абдулла Хананзай жана Сабавун Какар бар.
"Франс Пресс" агенттиги жардырууда каза тапкан агенттиктин Кабулдагы башкы фотографы Шах Марай экенин бышыктады. Агенттик жардырууда эки полиция офицери да жарадар болгонун жазды.
Ооган бийлиги азырынча кош жардырууга эч ким жоопкерчилик албаганын маалымдады.
Өткөн аптада “Талибан” кыймылынын жоочулары жазгы чабуулдар башталганын жарыялаган. Ага чейин талибдер Кабул өкмөтүнүн эч кандай шарт койбостон тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо жөнүндө сунушун кабыл алган эмес.