Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Бишкектин дүң өнүмү алты жылда эки эсе арбыды


Бишкек шаарынын 140-жылдыгын майрамдоо. 29-апрель, 2018-жыл.
Бишкек шаарынын 140-жылдыгын майрамдоо. 29-апрель, 2018-жыл.

Бишкек шаарынын ички дүң өнүмү көлөмү соңку алты жылдын ичинде дээрлик эки эсе көбөйдү. Бул көрсөткүч 2011-жылы 96 млрд. сомду түзсө, 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 182 млрд. сомго жетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты тараткан маалыматта айтылат.

Натыйжада өлкөнүн жалпы ИДӨсүнө карата шаардын салыштырма салмагы 36,8% түздү.

Бишкек шаарында 1 млн.169 миң жаран расмий каттоодо турат. Шаардын аянты 170 чарчы километрге барабар. Шаардын жылдык бюджети 6 млрд. сомдун тегерегинде.

Буга чейин финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын башчысы Алмаз Бакетаев бүткүл өлкөнүн 2018-жылга карата ички дүң өнүмүнүн көбөйүшү пландалгандан артка кеткенин билдирген. Ал быйыл өсүш көлөмү 3,7% болот деп болжолдонуп, бирок 2,8% өсөт деп эсептелгенин айткан. Бакетаев мунун себебин азыр да уланып жаткан дүйнөлүк каржы кризиси менен байланыштырган.

Кыргызстандын 2018-жылкы бюджетинин кирешеси 140,8 млрд. сомго жетет деп мерчемделген, ал эми чыгаша 161,1 млрд. сом деп каралган. Натыйжада тартыштык 20,3 миллиард сомду түзөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG