Публицист, коомдук ишмер Осмонакун Ибраимовдун “Айтматов. Империянын акыркы жазуучусу” деген китебинин бет ачары бүгүн Франциянын баш калаасы Парижде, ЮНЕСКОнун штаб-үйүндө болот. Бул тууралуу автор “Азаттыкка” билдирди. Китеп Казакстандын Астана шаарындагы “Гылым” (“Наука”) басмаканасынан басылып чыккан. 16-апрелде анын ачылышы Астанада өткөн.
Китепте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы баяндалат. Анын жеке жашоосу, адабият дүйнөсү жана саясий көз караштары Советтер Союзу менен байланышта каралган.
Жазуучунун СССРге мамилеси бир жактуу болбогону, Советтер Союзун жакшы көрүү менен бирге, көңүлү да иренжигени жазылган. Ибраимов улуу калемгер совет автократиясына болгон сын көз караштарын чыгармаларында образдуу код, шифрлер менен, символизм, миф жана уламыштар менен бергенин сүрөттөйт.
Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналып чыккан китеп Эл аралык түрк академиясынын колдоосу менен жарык көргөн.