Ички иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, тажрыйбасы эки жылга жетпеген айдоочу машинесине атайын белги чапташы керек.
Аларга сары түстөгү квадраттын ичинде илеп белгиси бар атайын белги берилет.
ИИМ бул үйрөнчүк айдоочуларга ыңгайлуу деп билдирүүдө. Мекеме бул сунуш айрым өлкөлөрдүн тажрыйбасынан алынганын маалымдайт. (TSh)