Бүгүн Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленип жатат. Майрамга карата шаар бийлиги бир катар маданий, спорттук жана башка иш-чараларды уюштурган.
Шаар күнүн майрамдоо саат ондо Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында кичинекей балдар даярдаган концерт менен башталды. Андан кийин борбордук аянтта гүл жармаңкеси ачылат.
Кечки жетиден баштап Ала-Тоо аянтында калаанын 140 жылдыгына арналган чоң концерт болот.
Бул күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Айрым көчөлөр жабылды. (TSh)