Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Үзүлгөн айгүл менен сүрөткө түшкөндөр "жашыл патрулдар" болушкан


Айгүл.
Айгүл.

Баткенде үзүлгөн бир канча айгүлдү кармап сүрөткө түшкөн кыздар "жашыл патрулдар" болгон. Бул тууралуу 27-апрелде Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Баткен өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти.

Буга чейин Баткендин “Айгүл Тоо” ботаникалык коругунда айгүл кучактап турган кыздардын сүрөтү Интернетке тарап, соцтармактарда талкууга түшкөн.

Аталган мекеме иликтөө жүргүзүп, үзүлгөн гүлдөрдү кармап турган кыздар Эрматов атындагы орто мектептин “айгүлдү коргоо үчүн түзүлгөн жашыл патрулдары" экенин аныкташкан. Алар тоо башында саякатчылар үзүп, тебелеп кеткен айгүлдү терип, корук кызматкерлерине өткөрүп бериш үчүн баратканда башкалар сүрөткө тартып алышкан.

- 21-апрелде "жашыл патрулдар" үзүлүп, тебеленген 21 даана айгүлдү ботаникалык коруктун кызматкерлерине атайын актынын негизинде өткөрүп беришкен, - деди мекеменин адиси Даабек Гавсидинов.

Айгүлдү үзүп, тебелегендер көбөйүп, жоголуу коркунучуна келгенинен 1978-жылы Кыргызстандын “Кызыл китебине” кирип, учурда бир даана гүлдү үзгөндөргө 4500 сом айып пул салынат.

2008-жылы жалпы аянты 250 гектарды түзгөн “Айгүл Тоо” ботаникалык коругу уюштурулуп, токой чарба кызматкерлери коргошот. Гүл ачылган сезондо Эрматов атындагы орто мектептин окуучулары жардам берет.

Айгүл гүлү апрелде ачылат. (JsA)

XS
SM
MD
LG