Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Былтыр туризм ички дүң өндүрүмдүн беш пайызын түздү


Көчмөндөр оюндары өткөн жер. Ысык-Көл. 3-сентябрь, 2016-жыл.
Көчмөндөр оюндары өткөн жер. Ысык-Көл. 3-сентябрь, 2016-жыл.

Былтыр Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн беш пайызын туристтик тармак түздү. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Бишкекте өтүп жаткан туристтик форумда билдирди. Анын айтымында, мындай көрсөткүч буга чейин болгон эмес. 2023-жылга чейин ички дүң өндүрүмдөгү туризмдин көрсөткүчүн 10 пайызга көтөрүү максаты коюлуп жатат. 2017-жылы Кыргызстандын чек араларынан 4,5 миллион чет элдик жаран кирген.

Бишкекте бүгүн башталган туристтик форум “Өзүңө Кыргызстанды ач: тенденциялар, мүмкүнчүлүктөр жана инновация” деп аталат. Эки күнгө созулуучу иш-чарада көчмөндөр маданиятына негизделген Кыргызстандын жаңы туристтик мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт. Ага Кыргызстандын тиешелүү мекемелеринин, чет мамлекеттердин элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын туристтик операторлору катышууда.

Форумду АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (ЮСАИД) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган. (AiA/NT)

XS
SM
MD
LG