Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Макрон Трамп Иран келишимин сактайт деп күтпөйт


Эммануел Макрон АКШ Конгрессинде сүйлөгөн учур. 25-апрель, 2018-жыл.
Эммануел Макрон АКШ Конгрессинде сүйлөгөн учур. 25-апрель, 2018-жыл.

Француз президенти Эммануел Макрон бул тууралуу АКШдагы үч күндүк мамлекеттик сапары аяктаган учурда билдирди. Анын сөздөрүнө караганда, Трамп “бул келишимден өз алдынча ички себептерден улам арылат”, анткени келишимден чыгууга “шайлоо өнөктүгүндө милдеттенме алган".

Макрон кечээ АКШ Конгрессинде жасаган кайрылуусунан кийин да кабарчылардын суроолоруна Трамп алдыда кандай чечим кабыл алаары жөнүндө “ички маалыматым жок” деп ырастады.

АКШдагы мыйзам талабы боюнча президент Иран менен 2015-жылы түзүлгөн көп тараптуу келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске токсон күн сайын ырастап турууга тийиш. Мындан тышкары, ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документке кол коюп турушу керек. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келет жана Вашингтондун жаңы чечими ушул күнгө жакын белгилүү болгону турат.

Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Макрон менен Трамп Иран менен жаңы келишим түзүүнү көздөшөрүн билдиришкен эле.

Ал азыркы өзөктүк келишимдегиден кеңири чөйрөдөгү маселелерди, анын ичинде Ирандын баллистикалык ракета ишмердигин да камтышы керек деп эсептешет. Бирок Ирандын президенти Хассан Роухани мындай сунуштун мыйзамдуулугунан күмөн санап, сынга алды.

2015-жылы Иран дүйнөнүн ири алты державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Кытай менен Орусия бул келишимдин кайра каралышына каршы.

Апта соңунда Вашингтонго немис канцлери Ангела Меркел да барган жатат. Анын Трамп менен сүйлөшүүлөрүндөгү башкы темалардын бири Иран келишими болору күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG