Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Келдибаев: Орус жарандыгым жок экенин элчилик тастыктаган


Сагындык Келдибаев.
Сагындык Келдибаев.

“Республика – Ата Журт” партиясынан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Сагындык Келдибаев өзүнүн жарандыгы тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Өзүнүн айтымында, анын "кош жарандыгы бар" деген маалыматтар чындыкка коошпойт.

- Мен орус жарандыгымды 2014-жылдын 23-декабрында тапшырып, анан шайлоого аттангам. Муну Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги да ырастап бере алат. Мени "кош жарандыгы бар" деп инимди опузалаган Кадыралиевдер жалган маалымат таратып жатат, - деди Келдибаев.

Келдибаев вице-премьер-министрлик кызматка кеткен Алтынай Өмүрбекованын ордуна депутаттык мандат алмак. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Келдибаевдин кош жарандыгы тууралуу кабар тараткан. Бүгүн, 24-апрелде бул маселени БШК карайт.

51 жаштагы Сагындык Келдибаев - экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиевден "кордук көрдүм" деген өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин бир тууган агасы.

2014-жылы Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге Кылмыш кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо” жана “Өзүм билемдик” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Кадыралиевге иш козголушуна "куралдуу карактоого кабылдым" деген өзгөндүк ишкердин арызы негиз болгон. Кадыралиевдер мындай дооматтарды четке кагып жүрүшөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG