Венгриянын борбору Будапештте миңдеген адамдар премьер-министрликке кайра шайланган Виктор Орбандын саясатына каршы митингге чыгышты. Мындай митинг өткөн ишембиде да өткөн болчу. Уюштуруучулардын айтымында, нааразылык акциясына борбордо 30 миң, өлкө аймактарында 100 миңге чукул адам чыкты.
Венгриядагы башкаруучу "Фидес" партиясы 8-апрелдеги парламенттик шайлоодо жеңип, Виктор Орбан премьер-министрлик кызматта калган. Ал ушуну менен төртүнчү жолу министрлер кабинетин жетектөөдө. Сынчылар Орбанды антиевропалык союз түзүүдө, адамдардын эркиндигин чектөөдө деп айыптап келишет.