Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Исаков: Тогуз-Тородо от тамызгандар жооп бериши керек


Тогуз-Тородогу өрттөлгөн имарат.
Тогуз-Тородогу өрттөлгөн имарат.

Премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районундагы окуя үчүн айыптуулар мыйзам алдында жооп бериши керек деп эсептейт. Бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ал иликтөө мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтты жана “От тамызган адамдардын баары жооп бериши керек” деп белгиледи.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Ички иштер министрлиги акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөнүн кабарлаган. Чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиция кызматкери жабыркаганы маалымдалган.

Факт боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") жана 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") менен кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында 15 киши кармалган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында Тогуз-Торо районунун элүүдөн ашык тургуну нааразылык акциясына чыгышты.

Алар башаламандыкка байланыштуу кармалган кишилерди бошотууну жана Макмал кенинде алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын курулушун токтотууну талап кылышты. (RK)

XS
SM
MD
LG