17-апрелде Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары 2017-жыл үчүн өкмөттүн отчетун угат. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун "Азаттыкка" айтканына караганда, бул биргелешкен отурум болот:
- Жыл сайын апрель айында өкмөт отчет берет. Фракциялар бөлүнсөк, өкмөт мүчөлөрү да чачырап, маалымат толук берилбей калып жатат. Ошондуктан быйыл үч фракция чогуу угалы деп чечтик.
Премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн отчетун өткөн жумада парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген “Кыргызстан” фракциясы менен бийликтеги КСДП фракциясы жактырып, бир жыл ичинде кылган иштерин колдоого алган.
Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кетти.
Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев, өкмөттүк аппараттын жетекчиси Нурканбек Момуналиев, юстиция министри Уран Ахметов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу кызматынын жетекчиси Болсунбек Казаков, "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын башчысы Айбек Калиев кызматтан бошотулган. Айрым өкмөт мүчөлөрүнө сөгүш жарыяланган. (ZKo)