Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

Армения: экс-президентке каршы нааразылык толкуну


Армения: экс-президентке каршы нааразылык толкуну
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00

Арменияда оппозициячыл активисттер баш калаа Ереванда башкы жолдорду тороп, мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министрликке көрсөтүлүшүнө каршылык билдиришти. Активисттер ошондой эле шаардын борборундагы метронун кире беришин 10 мүнөттөй тороп турушту. Акциялардын башында турган Никола Пашиниан бир күн мурда Еревандагы баардык жолдор, метролор жана айрым көпүрөлөр жабыларын билдирген. Ал бардык жарандарады 16-апрелде парламент имаратынын алдына жүрүшкөн чыгууга чакырган. Полиция бул акциялар жай тургундардын эркин жүрүшүн чектеп жатканы үчүн мыйзамсыз экенин билдирип, бирок демонстранттардын аракеттерине кийлигишкен жок. Нааразылык акциялары миңдеген адамдардын катышуусунда Ереванда 13-апрелден бери уланып жатат. 2015-жылдагы конституциялык реформадан кийин Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укуктары кеңейтилип, президенттики тескерисинче азайган эле. Өлкөнүн мурдагыдай жалпы эл эмес, парламент шайлаган президенти Армен Саркисян 9-апрелде кызматка киришти. Армениянын парламенти жаңы премьер-министрди 17-апрелде шайлашы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG