Өрттөн жабыркаган соодагерлер митингге чыкты
Бишкектин "Берекет" базарындагы өрттө күркөлөрү күйгөн соодагерлер Өкмөт үйүнүн алдына акцияга чыгышты. Жүзгө жакын адам өкмөттөн жардам көрсөтүүнү жана премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушууну талап кылышты. Алардын айтымында, өрттөн бардык товарлары күйүп кеткендиктен чукул арада жардамга муктаж болушууда.