Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:13

ЕККУ: Азербайжандагы шайлоодо чыныгы атаандаштык болгон жок


Бакудагы добуш берүү. 11-апрель, 2018-жыл.
Бакудагы добуш берүү. 11-апрель, 2018-жыл.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин төртүнчү мөөнөткө кайра шайланышы “олуттуу мыйзам бузуу” менен коштолуп, саясий өнөктүктүн өзүндө “чыныгы атаандаштык” болгон жок. ЕККУнун эл аралык байкоочулары Азербайжандагы кечээги президенттик шайлоо тууралуу ушундай бүтүм чыгарышты.

Алардын баштапкы баяндамасында добуш берүүнүн жүрүшүндө “милдеттүү жол-жоболор урматталбаган” көрүнүш кеңири жайылганы, “ачык-айкындуулуктун жоктугу”, “бир катар олуттуу эрежелер бузулганы”, анын ичинде “урналарды шыкап толтуруп салуу” көзгө урунганы айтылган.

Азербайжан БШКсынын жарыясына караганда, талапкерлигин “Жаңы Азербайжан” партиясы көргөзгөн Илхам Алиев добуштардын 86%дан ашуунун алды. Добуш берүүгө болсо ага укуктуулардын 74%дан ашуун бөлүгү келди.

Азербайжандын негизги оппозициячыл партиялары шайлоого катышкан жок, алар элди да добуш берүүдөн баш тартууга чакырышкан.

Азербайжан оппозициясы, Батыш өлкөлөрү, укук коргоочу топтор Алиевдин бийлигин өз алдынча маалымат каражаттарын, журналисттерди, оппозициячыл саясатчыларды, активисттерди такай куугунтуктап жатканы үчүн сындап жүрүшөт. (UE)

XS
SM
MD
LG