Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

"YouTube" компаниясынын кеңсесинде атышуу болду


"YouTube" компаниясындагы атышуу тууралуу кабарды экрандан кабарчы карап отурат.
"YouTube" компаниясындагы атышуу тууралуу кабарды экрандан кабарчы карап отурат.

АКШнын Калифорния штатында жайгашкан "YouTube" компаниясынын баш кеңсесинде ок аткан деп шек саналган аял атышуудан өзү мерт болгону кабарланды.

Полиция билдиргендей, дагы үч киши жарадар болду. Сан-Бруно шаарындагы ооруканага жаткырылган үч аялдын бирөөнүн абалы оор экенин дарыгерлер билдиришти.

Интернеттеги видеолорду бөлүшүү порталы катары 2005-жылы түптөлгөн "YouTube" компаниясы бат эле кирешелүү уюмдардын алдыңкы сабына чыгып, кийинки жылы аны Интернетке адистешкен дагы бир ири компания "Google" биржа аркылуу 1 миллиард 650 миллион АКШ долларына сатып алганын жарыялаган. Азыр да Интернеттеги башкы видео порталы болуп саналган бул барак - эң кирешелүү онлайн-долбоорлордун бири.

XS
SM
MD
LG