Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Кытай АКШ товарларына жаңы бажы тарифтерин киргизди


АКШ-Кытай лидерлери, Флорида, 6-апрель, 2017-жыл.
АКШ-Кытай лидерлери, Флорида, 6-апрель, 2017-жыл.

Кытай АКШнын 128 өндүрүмүнө жалпы суммасы 3 миллиард долларлык жаңы бажы тарифтерин киргизди. Бул өлкөнүн Финансы министрлиги 2-апрелде билдиргендей, Кошмо Штаттардын Кытайда өндүрүлгөн болот менен алюминийге киргизген төлөмдөрүнө жооп иретинде кабыл алынган бул чечим дароо күчүнө кирет. Бажы төлөмү көтөрүлгөн америкалык өндүрүмдөрдүн ичинде тоңдурулган чочко эти, жемиштин бир нече түрү жана вино да бар.

Кытайдын Бажы комиссиясынын маалыматы боюнча, АКШдан импорттолгон чочко эти сыяктуу сегиз азык-түлүктүн бажы төлөмү 25 пайызга, калган 120 товардыкы 15 пайызга жогорулайт.

23-мартта расмий Бээжин АКШдан импорттолгон товарларга жаңы тарифтерди киргизүүнү караштырып жатканын кабарлаган. Андан бир күн мурда Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп Кытай өндүрүшүнөн чыккан товарлардын өз өлкөсүнө импорттолушун чектөөгө көрсөтмө берген жарлыкка кол койгон эле. АКШ тарап мындай чечимин эки өлкөнүн ортосундагы соода тартыштыгы, "Кытай интеллектуалдык менчикти уурдап жатканы" менен да негиздеп жатат.

Ак үйдүн эсебинде, жогорулатылган бажы тарифтери Кытайдын 60 миллиард долларлык товарына киргизилет. АКШнын соода өкүлү бажы тарифтери киргизилүүчү кытай товарларынын тизмеси эки жума ичинде даярдалаарын билдирген.

XS
SM
MD
LG