Бишкекте өтүп жаткан КСДП партиясынын курултайына Оштон чакырылган төрт делегат киргизилген жок. Бул тууралуу курултайга кирбей калган делегаттардын бири Алишер Бакышев “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, уюштуруучулар “тизмеде жоксуңар” деген шылтоо менен киргизген эмес.
- Биз Оштон атайын делегат болуп шайланып келгенбиз. Төртөөбүз кирбей калдык. Күзөтчүлөр имаратты тосмолоп, киргизбей коюшту. Баарыбыз тең дээрлик он жылдан бери партиянын мүчөсүбүз, - деди Бакышев.
Маалыматка ылайык, аталган төрт делегат Араван, Өзгөн райондорунан жана Ош шаарынан делегат болуп тандалган.
Партия жетекчилери бул боюнча түшүндүрмө бере элек.
КСДП партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов кечээ “Азаттыкка” курултайга журналисттер киргизилбесин, бирок жыйындан соң Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны өтөрүн айткан.
Бүгүн 31-мартта Бишкектеги “Орион” мейманканасында КСДП партиясынын курултайы өтөт. Ага 190 делегат чакырылган. Бирок белгисиз себептерден улам жыйынга партия мүчөлөрү Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов жана Жанар Акаев чакырылган эмес. Курултайдын күн тартибиндеги экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия төрагалыгына шайлоо маселеси турат. (UEz)