Орусиянын президенти Владимир Путин АКШдан 60 орус дипломатынын чыгарылышына карабай Доналд Трамп менен жолугууга даяр экенин Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
28-мартта Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Албетте, Орусия тарап ачык” деп жооп берди журналисттердин суроосуна. Ал ошондой эле “бардыгы америкалык кесиптештерден көз каранды” экенин айтты.
“Путин даяр жана Орусия бардык өлкөлөр, анын ичинде Кошмо Штаттар менен биздин оппоненттер жана өнөктөштөр даяр деңгээлде өз ара пайдалуу жана ишеним жараткан алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар”, - деди Песков.
Ал ошондой эле Ак үй дипломаттарды чыгарарын жарыялагандан кийин Трамп Путин менен жолугууга даярбы же жокпу Кремлдин эч кандай “маалымат жоктугун” кошумчалады.
АКШ - орус дипломаттарын өз аймактарынан чыгарып жаткан 30 мамлекеттин катарында. Мындай чара мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызынын Солсбериде ууландырылганына жооп катары кабыл алынган.
Британия жана Батыш бул ишке Орусияны айыптаса, Москва болсо аны четке кагып жатат.