Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Бээжин Ким Чен Ын Кытайга келбегенин билдирди


Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чунинг.
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чунинг.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги "Bloomberg" агенттигинин “Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайда жүрөт” деген маалыматын түшүнбөй турганын билдирди. “Эгер жаңылык болсо биз жарыялайбыз” – деди Бээжинде тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы Хуа Чунинг. Бээжиндин өкүлү Кытайдын Түндүк Корея менен байланышы башынан эле жакын экенин кошумчалады.

Ким Чен Ындын Кытайга барганы тууралуу мурдараак жапон жана кытай басылмалары маалымдашкан. «Рейтер» агенттигине сүйлөп берген күбө "Пхеньяндын жогорку даражалуу өкүлдөрү бар" экени айтылган поезд Бээжинден шейшембиде кеткенин айтып берген.

Дипломатиялык мекемелердеги булактар түндүк кореялык жогорку даражалуу аткаминер Бээжинде Ким Чен Ын менен “тарыхый жолугушууну” даярдап жүргөнүн билдирген.

Мурдараак Ким Чен Ын менен жолугуп, сүйлөшүүлөргө даяр экенин АКШнын президенти Доналд Трамп да билдирген. Эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу жакынкы эки ай ичинде болору кабарланган.

XS
SM
MD
LG