Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Музейлерде экспонтаттарды сактоого шарт жок


Бишкектеги Улуттук тарых музейи.
Бишкектеги Улуттук тарых музейи.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун айтымында, жаӊы тарыхый-маданий мурас объектилерин табуу, эсепке алуу, коргоо сыяктуу негизги милдеттер каражаттын тартыштыгынан улам аткарылбай жатат. Бул тууралуу министр бүгүн тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча парламенттик талкууда билдирди.

- Тилекке каршы, каржынын тартыштыгынан улам 2015-2020-жылдар аралыгында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар аксап турат. Бул багытта жылына жок дегенде 25 миллион сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп турушу зарыл. Өлкө аймагындагы музейлердин он экиси гана атайын ылайыкташтырылган имараттарда турат, калган музейлердин баары шарты жок жайларда жайгашкан. Мындай абал музей экспонаттарынын сакталуусуна өз кесепетин тийгизбей койбойт, - деди Жумагулов.

Учурда Кыргызтанда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастарынын тизмесине "Сулайман-Тоо", "Ак-Бешим", "Бурана" сындуу көптөгөн тарыхый-археологиялык музей комплекстери бар. (ZA)

XS
SM
MD
LG